Жаңылыктар

Тынчтыкты курууда аялдардын потенциалын чыңдоо үчүн микрогранттык программаны ишке киргизүү

2011-жылдын май айында "Кыргызстанда тынчтыкты жана ынтымакты калыбына келтирүүдө аялдардын жана жамааттардын аялуу топторунун потенциалын күчөтүү" долбоорунун алкагында Рурал девелопмент фанд Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аялдар тармагынын мүчөлөрүнө берилүүчү субгранттык программаны ишке ашырууну баштаган. Программа чечим кабыл алуу процесстеринде, этностор аралык чыр-чатактарды алдын алууда жана чечүүдө жамааттарда аялдардын жана аялуу топтордун ролун жогорулатууга багытталган.


Долбоордун алкагында каржылоо алуу үчүн 11 микродолбоордук сунуш колдоого алынып, жакынкы арада ишке ашырыла баштайт. Микродолбоорлордун жалпы суммасы 2,3 миллион сомдон ашыкты түзөт, анын ичинен 1,8 миллион сомдон ашыгы Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык куруу фонду тарабынан берилген.

2011-жылдын сентябрынын ортосуна чейин эки этапта ишке ашырыла турган субгранттык программанын алкагында микрогранттар этностор аралык жана социалдык чыр-чатактарды чечүү жана жеңилдетүү, алдын алуу жана азайтуу менен байланышкан иштерди колдоого берилген.

Ушундай эле жаңылык түрмөгү АКИpress сайтында пайда болду: http://fergana.akipress.org/news:136521/.