Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, Токтогул токой чарбасынын, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү балчылар союзунун, ишкерлер ассоциациясынын, коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Rural Development Fund тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандагы Чычкан капчыгайын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында өттү. Долбоордун максаты - жергиликтүү калкты чечимдерди кабыл алуу процесстерине жана өнүктүрүү саясатынын аспектилерине катышууга шыктандыруу.