Долбоорлор

РДФнын кызматкерлери Албания Республикасына жумушчу визит менен келишти

Рурал Девелопмент Фанд КФ кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен биргеликте Албания Республикасына 23-ноябрдан 30-ноябрга чейин 2014-жылы иш сапары менен барышкан.

Кыргыз Республикасынан чыккан топ 5 адамдан турган:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин директору Б. К. Бейшеев.;

- "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын директору К. К. Дабаев.;

- РДФ долбоорунун координатору Оморбеков А.;

-РДФтин адис-консультанты Койчуманов Б. А.;

- РДФ адиси Турсалиева А.

Окуу сапарынын максаты Албания Республикасынын мисалында токойлорду биргелешип башкаруу боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү болгон. Окуу сапары Кристенсен фонду (АКШ) каржылаган"Кыргыз Республикасындагы тоо экосистемаларын башкарууда жергиликтүү жамааттардын катышуу модели" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Алмашуу сапарлары