Долбоорлор

РДФ КФнын директору токой тармагындагы стратегиялык кызматташтык боюнча аймактык семинарга катышты

РДФтин ОФ директору Оморбекова Захифа Абасовна 23-24-сентябрь 2014-жылы Пекин шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн токой секторундагы стратегиялык кызматташтык боюнча аймактык семинарга катышты. Бул иш-чара токойлорду туруктуу башкаруу жана реабилитациялоо боюнча Азия-Тынч океан тармактык борбору тарабынан уюштурулган . Семинарга 7 өлкөдөн: Монголиядан, Кытайдан, Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан токой чарбасын башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын эксперттери катышышты.

Семинардын максаты

Семинар токой ресурстарын башкаруу, аларды калыбына келтирүү, биологиялык ар түрдүүлүктү трансчек аралык сактоо боюнча маалымат жана тажрыйба алмашууга арналды. Региондо токойду туруктуу пайдалануу жаатындагы көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, токой секторунда кызматташуу стратегиясын иштеп чыгууга жана Борбордук Азияда токой секторун өнүктүрүү маселелери боюнча аймактык диалог механизмин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кошумча иш-чаралар

Аймактык семинардын катышуучулары үчүн 25-26 – сентябрда "Ички Монголия" автономиялык районуна, Чифен шаарына Кытай менен Германиянын биргелешкен долбоору-Сяохуаньшань токойлорун коргоо тажрыйбасы, ошондой эле Туха жана Нажи хошуна Вэннют автожолдорунун боюндагы чөлгө айланууга жол бербөө боюнча чаралардын комплекси менен таанышуу максатында Баруу уюштурулду.

Аймактык семинардын катышуучулары 6000 га аянтта тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана алардын уруктарын өндүрүү менен алектенген Хуангянва илимий-техникалык компаниясынын иши менен таанышышты. Ошондой эле катышуучуларга чычырканак, бадам, өрүктөн жасалган экологиялык таза продукциянын 20дан ашык түрүн чыгарган Шаможихуа илимий-техникалык компаниясынын тажрыйбасы тартууланды. 4500гө жакын дыйкан чарба аталган компанияны сырье менен камсыз кылууда.

Кытайда кен калдыктарындагы өсүмдүктөрдү калыбына келтирүүгө чоң маани берилет. Мисалы, Пинчжуан айылынын Гушан кен талаасында жергиликтүү дарактардын жана бадалдардын 20дан ашык түрү отургузулган. Көчөттөрдү өстүрүү үчүн жердин температурасын жогорулатуу жана бууланууну азайтуу, тамчылатып сугаруу үчүн суюк синтетикалык пленканы колдонуу сыяктуу заманбап технологиялар колдонулган.

Ошондой эле семинардын катышуучулары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүргөн жана күн энергиясы менен гана жылытылып иштеген күнөсканалар менен таанышышты.
Алмашуу сапарлары