Долбоорлор

Азия-Тынч океан регионалдык конференциясы "COVID-19 пандемиясынын контекстинде материалдык эмес маданий мурастын туруктуулугу"

«RDF» коомдук фондунун директору Кулуйпа Акматова 2023-жылдын 27-июлунан 29-июлуна чейин Японияда, Осака шаарында өткөн «COVID-19 пандемиясынын шартында материалдык эмес маданий мурастын туруктуулугу» Азия-Тынч океан регионалдык конференциясына катышкандыгы тууралуу кабарды сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз.
COVID-19 пандемиясынын жайылышынан келип чыккан дүйнөлүк кризис адам жашоосунун бардык тармактарында кыйынчылыктарга алып келди. Адамдардын өз ара аракеттенүүсүн чектеген пандемияда материалдык эмес маданий мурастар (МММ) ар кандай жолдор менен жабыркады, анткени адамдар МММдын жашоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойношот.
МММга болгон кызыгуунун өсүп жатканын түшүнүү менен, IRCI (Азия-Тынч океан аймагындагы Эл аралык материалдык эмес маданий мурастарды изилдөө борбору) 2021-жылы Бангладеш, Индия, Индонезия, Иран, Кыргызстан, Монголия, Папуа-Жаңы Гвинея, Корея Республикасы жана Фиджиден келген тогуз изилдөө уюму жана илимпоздору менен биргеликте COVID-19дун МММга практикага, өткөрүүгө жана коргоого тийгизген таасирин изилдөө максатында "COVID-19 пандемиясынан жабыркаган МММды изилдөө" илимий долбоорун иштеп чыкты.
IRCI изилдөө иштерин аяктоо жана эпидемия учурунда МММ жана ковидден кийинки мезгилге тийгизген таасири жөнүндө кеңири түшүнүк алуу үчүн COVID-19 пандемиясынын региондогу МММга жалпы таасирин талкуулоо максатында конференция уюштурду.
РДФ коомдук фондунун директору Күлүйпа Акматова «2021-жылдагы COVID-19 пандемиясынан жабыркаган материалдык эмес маданий мурастарды дары-дармек өсүмдүктөрүнүн контекстинде изилдөө» деген темада талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасады.
Алмашуу сапарлары