Долбоорлор

Салттуу өнөрчүлүк жана салттуу билим боюнча жаштар үчүнстипендиялык программасы

Салттуу өнөр жана салттуу билим боюнча жаштар үчүн стипендиялык программа

Долбоордун максаты жана милдеттери
● Жаш таланттуу чыгармачыл инсандарды издөө жана колдоо;
● Көркөм өнөрчүлүктү жандандыруу, көркөм табитти тарбиялоо;
● Чыгармачыл жамааттар менен өнөрчүлөр ортосунда кесиптик маданий байланыштарын чыңдоо;
● Жаштарга аксакалдар, салттуу билим ээлери, коомчулуктун лидерлери аркылуу колдоо, кеңеш жана насаатчылык көрсөтүлөт.

Жаштар программасы маданий жана руханий мурастарды кайра жаратуу жана өнүктүрүү максатында салттуу өнөрчүлүк тармагында өткөрүлгөн «Башат» аттуу стипендиалдык демилгени да камтыган. Стипендиялдык сынактын эң негизги максаттары - жаш таланттуу сүрөтчүлөрдү издөө, өнүктүрүү жана колдоо; мыкты салттарды кайра жаратуу жана көркөм маданиятты өстүрүү; чыгармачыл коллективдер менен өнөрчүлөр ортосунда кесиптик маданий байланыштарын чыңдоо; аксакалдар, салттуу билимдердин сактоочулары жана жергиликтүү жамааттын лидерлери тарабынан жаштарга кеңеш берүү жана багыттоо түрүндө колдоо көрсөтүү.

Салттуу өнөрчүлүк жана салттуу билим чөйрөсүндөгү «Башат» стипендиялык программасынын алкагында 24-июлдан 31-июлга чейин Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Бел-Там боз үй лагеринде түпкү улуттун жаштарынын эл аралык чыгармачылык лагери болуп өттү.

Лагерге Бурятиядан, Хакасиядан, Алтайдан, ошондой эле Кыргызстандан жаштар катышып, бир жуманын ичинде кино, музыкалык композицияларды, анимациялык видеолорду жаратып, сүрөттөрдү тартышып, костюмдарды тигишип, инсталляцияларды жана колго жасалган саймаларды ойлоп, көркөм спектакльды койуу үчүн бардыгы чогуу иш жүргүзүштү.

Лагердин катышуучулары ар кандай тармактын адистеринин лекцияларына катышып, алар менен чыгармачылык, руханият, каада-салттар, заманбаптык, көркөм өнөрчүлүк жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө талкуулоо жасашты. Ошондой эле ыйык жерлерге, сүрөтчүнүн үйүнө, Салбуурун борборуна, Жомок капчыгайына сапар кылышты.

Бул лагерь салттуу билим ээлеринин жетекчилиги жана насаатчылыгы астында жаш чыгармачыл билдирүүлөр/демилгелер аркылуу маданий жана руханий тамырларды бекемдөө жана сактоо максатында уюштурулган.
Жаштар программалары