Долбоорлор

“Кыргыздын үрп-адаттарын, билимдерин сактоо жана келечек муундарга жеткирүү” семинарынын жыйынтыгы

Айылдык өнүгүү фанд (RDF) коомдук фонду “Кыргыз Республикасындагы пасторалдык салттуу билимдерди сактоого жана өткөрүп берүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жыйынтыгын тартуулады.

Эки жылдын ичинде долбоор салттуу жайыт билимдерин сактоодо жана тоолуу жамааттардын экологиялык, экономикалык, маданий жана социалдык жактан жашоого жөндөмдүүлүгүн колдоодо чоң ийгиликтерге жетишти.

Эки пилоттук кесиптик лицейдин базасында салттуу билим боюнча жаңы предмет иштелип чыгып, ишке киргизилип, алты усулдук колдонмо чыгарылып жатат: көчмөндөрдүн ашканасы, күнүмдүк турмушу жана маданияты, салттуу оймо-чиймелер жана кийим тигүүдөгү боёо боюнча, физикалык өнүгүү (көчмөндөр оюндары), жайыт ресурстарын жана жайыт чөптөрүн пайдалануу боюнча салттуу билимдер боюнча.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 3000ден ашуун адамды бириктирген «Кыргыз Эл Акыл казына» жайыт тармагын өнүктүрүүгө жана түптөөгө да колдоо көрсөтүлүүдө. Тармактын активисттери көчмөндөрдүн каада-салттарын жайылтуу максатында түрдүү фестивалдарды өткөрүп, «Байбиче» клубу, «Келиндер мектеби» сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу, килем токуу, сайма сайуу, боз үйдү кооздоо ж.б.у.с.

«Бизге айылдардагы байыркы каада-салттардын жана ырым-жырымдардын мааниси тууралуу билимди акырындап чогултууга туура келди. Азыркы коомдо биз аларды күнүмдүк турмушта дагы эле байкайбыз, көп учурда алардын терең маанисин жана максатын түшүнбөйбүз. Кары-картаңдар кетип баратышат, эң баалуу билимди алып кетишет, биз ата-бабаларыбыздын интеллектуалдык жана маданий байлыктарын чогултуп, сактап, балдарыбызга, неберелерибизге өткөрүп берүүгө үлгүрүшүбүз керек, - дейт Малчылар тармагынын төрайымы Алтын Джанышбаева. Кыргыз эл акыл казына".
Салттуу билимдер