Долбоорлор

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан улам чөп менен дарылоого кызыгуу күчөдү

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан улам чөп менен дарылоого кызыгуу күчөдү

Кыргыздар байыртадан эле пайдалуу өсүмдүктөрдү күнүмдүк турмушта колдонушуп, чөптөр менен адамдарды жана жаныбарларды дарылоодо кеңири билимге ээ болушкан. Ошону менен бирге жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жыйноо эрежелерин дайыма сактап келишкен. Пайдалуу өсүмдүктөрдү чогултуу үй-бүлөлөргө кошумча, атүгүл негизги кирешени алып келет жана аларды пайдалануу аркылуу адамдардын ден соолугуна оң таасирин тийгизет.

Коронавирустук инфекциясы (COVID-19) башталгандан бери көптөгөн адамдар чөптөр менен дарылоонун жана алдын алуунун салттуу ыкмаларын дары-дармек өсүмдүктөрүн колдонууну чечишти. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жок дегенде бир үй-бүлө мүчөсү коронавирус жуктуруп алган үй чарбаларынын 62% расмий медицинага жетүү жана керектүү дары-дармектерди алуу көйгөйлөрүнө туш болушкан. Алардын ичинен 39%га жакыны медициналык кызматтарды алууда, 58% керектүү дары-дармектерди алууда кыйынчылыктарга туш болушкан.

COVID-19 пандемиясынын учурунда жергиликтүү калктын чөптөн жасалган дарыларды колдонуу жана пандемиянын салттуу билимдерге тийгизген таасирин РДФ адистери тереңдетилген интервьюнун жардамы менен изилдөө өткөзүштү. Кыргызстанда бул изилдөө Айыл өнүктүрүү фонду тарабынан жүргүзүлдү. Изилдөө Азия-Тынч океан аймагынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо уюмунун эл аралык изилдөө борбору (IRCI) тарабынан каржыланды.

Долбоордун алкагында жер-жерлерде маектешүүлөр 2022-жылдын сентябрынан бери Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында жүргүзүлгөн. Изилдөөгө KEAK тармагынын салттуу билимдердин сактоочулары («Кыргыз эл акыл казына»), жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү – салттуу билимдерди колдонуучулар, ошондой эле илимий уюмдардын эксперттери: ботаниктер, этноботаниктер, фитолабораториялардын өкүлдөрү катышышты.

РДФ адисттери COVID-19 оорусун алдын алуу жана дарылоо үчүн чөптөр менен дарылаган салттуу билим ээлерине кайрылуулардын саны көбөйгөнүн белгилешет. Адамдар ромашка, чалкан, барбарис, чычырканак, жалбыз сыяктуу өсүмдүктөр менен инфекциянын симптомдорун дарылоо үчүн рецепттерди сурашты.

РДФ тарабынан түзүлгөн KEAK (Кыргыз эл акыл казынасы) тармагынын салттуу билим сактоочуларынын айтымында, ар кандай чөптөр менен дарылоо медициналык кызматтар менен айкалышып, вирустан тез сакайып, ошондой эле ооруну алдын алууга шарт түздү. Жалпысынан калктын салттуу билимдерге болгон ишениминин деңгээли жогорулап, ошондой эле ар кандай ооруларды дарылоодо дары-дармек өсүмдүктөрүн салттуу колдонууга кызыгуу күчөдү.
2023-03-19 17:37 Салттуу билимдер