Долбоорлор

Салттуу билимдер боюнча китептердин сериясы

“Кыргыз мал чарбасы жана экологиялык билимдерин жайылтуу жана Кыргыз Республикасындагы тоо экосистемаларын биргелешип башкаруу үчүн коомчулукка колдоо көрсөтүү” долбоорунун аягында РРФ салттуу билимдер боюнча китептердин жаңы жаңыртылган жана кеңейтилген сериясын чыгарды.

Мурда бул «Мал чарбасы учун салттуу билимдер» сериясынын брошюралары эле. Жаңыланган серияга “Көчмөндөрдүн ырым-жырымдары”, “Боз үй – көчмөндөр үйү”, “Жайлоо оюндары”, “Көчмөндөрдүн ашканасы”, “Саяпкерлердин кеңеши”, “Төө – көчмөндөрдүн сулуусу”, “Тоолуу топоздор”, “Көчмөндөрдүн жайыттары” китептери камтылган.

Ар бир китеп Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында чогултулган салттуу билимдер боюнча маалыматтар жана иллюстрациялар менен толукталган, ошондой эле Кытайда жашаган этникалык кыргыздардын оозунан алынган.

Жыйнак, талдоо жана презентация: К.Акматова, Ж.Тилекеева, К.Шапаков

Редактор: Г.Ибраимова

Сүрөтчү: К.Рымбек, К.Турумбеков

Дизайн жана макет: С.Сулайманов, А.Сторожева
Салттуу билимдер