Долбоорлор

Ак илбирсти жана анын жашаган жерин сактап калуу үчүн аксакалдар жана жаштар!

Ак илбирсти жана анын жашаган жерин сактап калуу үчүн аксакалдар жана жаштар!

Долбоордун максаты - Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн сактоо жана коргоо, салттуу билим боюнча иштеген аксакалдар менен жаштар, студенттер менен жергиликтүү калктын ортосунда диалогду түзүү аркылуу “LOSL достору” аттуу демилгелерди көтөрүү.

Мөөнөтү: 2019-жылдын 15-июнунан - 2020-жылдын 14-июлуна чейин

Топ мүчөлөрү:
Топтун жетекчиси Раимбеков Жапаркул - руханий практик
Кутман - акын-импровизатор
Темирбекова Гүлмира - координатор

Өнөктөштөр:
«Кыргыз Эл Акыл казына» жайыт тармагы (KEAK - салттуу билимдин ишенимдүү сактоочулары)
Жергиликтүү аксакалдар кеңеши
Жергиликтуу аялдар комитети, жаштар комитети
Жергиликтүү бийлик, мектептер, окуу жайлары
КИДК "Айкөл"

Күтүлгөн жыйынтыктар:
  • Калкка ак илбирстин ыйык мааниси, тыюу салуулары, ак илбирстин жаратылыш чөйрөсүнө байланыштуу флора жана фауна үчүн ТК жөнүндө маалымат берилет.
  • Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар, коомчулуктун лидерлери, аялдар жана жаштар комитеттери, массалык маалымат каражаттары LOSLдин катышуучу өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү жана демилгелери тууралуу кабардар болушат.
  • Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелерди колдоо үчүн “LOSL досторунун” топтору түзүлөт.
  • Теле-радио берүүлөр, жергиликтүү гезиттерге интервьюлар берилет.
  • Жыйындар жергиликтүү жамааттарда, окуу жайларда өткөрүлөт.
2019-06-15 17:31 Салттуу билимдер