Био-артүрдүүлүк боюнча ишибиздин жаңы кадамы болгон кубаныч менен бөлүшөбүз. Guardians of the Sacred Snow Leopard - «Ыйык илбирстин жана тоолордун камкорлору» аталган долбоорубуз башталды. Долбоор Кыргызстандагы Rural Development Fund уюму Snow Leopard Conservancy (SLC) жана Тажикстан Республикасындагы «Ганджи Ватан» Эко-маданий ассоциациясы менен шериктештикте, S.O.S. Serving Our Spirits Fund уюумунун колдоосу менен ишке ашырылат.
Бул демилге биз үчүн жөн гана маалымат, билим берүү гана эмес. Бул тоолорго, жаратылышка жана илбирске болгон камкордукту жүрөктөн жүрөккө, муундан муунга өткөрүп келе жаткан жандуу салттын уландысы.
2026-жылы Суусамыр жана Бартанг өрөөндөрүндө балдар, ата-энелер, мугалимдер жана аксакалдар бирге баарлашып, чыгармачылык менен алектенип, ата-бабалардын осуяттарын эстеп, адам баласы менен тоонун ортосундагы байланышты кайрадан терең сезишет. Мастер-класстар, экскурсиялар, аксакалдар менен жолугушуулар жана Илбирс бийин жандандыруу аркылуу биз балдарга жаратылышты коргоо милдет эмес, жан-дүйнө баалуулугу экенин сездиргибиз келет.
S.O.S. Serving Our Spirits Fund, Snow Leopard Conservancy уюмдарына жана Тажикстандагы шериктештерибизге ишеним жана биргелешкен иш үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Тоолорубуз “тирүү” бойдон калсын! Балдарыбыз алардын коргоочулары болсун!