Долбоорлор

Айылдык институттарды өнүктүрүүдөгү РДФтин изилдөөлөрү жана ыкмалары

Айылдык консультативдик кызмат тармагынын Кыргызстандын дыйкандарына таандыктыгынын деңгээлин социологиялык изилдөө
Сандык сурамжылоону жана сапаттык изилдөөлөрдү колдонуу менен 700 адамды бул практикалык изилдөө 2006-жылы жүргүзүлгөн. Бул изилдөө Айылдык Консультативдик Кызматтын (АКК) дыйкандарга канчалык деңгээлде таандык экендигин анализдөө жана баалоо максатында жүргүзүлдү. РДФ Кыргызстандын баардык аймактарындагы 97 айылдан 600дөн ашуун адамдын катышуусунда терең маектешүүлөрдү (сурамжылоолорду) жүргүздү. Сурамжылоонун катышуучулары кокустан тандоо жолу менен тандалып алынган. Мындан тышкары, изилдөө тобу тарабынан ар кандай материалдар каралды, анын ичинде мыйзам алдындагы актылар, программалык документтер, отчеттор, колдонмолор, көрсөтмөлөр жана кеңештин протоколдору бар. Бул материалдар фермерлердин менчигине байланыштуу АККнын жол-жоболорун түшүнүүгө жана алардын иш жүзүндө кандайча түшүнүлүп жана ишке ашырылышын көрүүгө жардам берди.
Изилдөө Швейцариянын Өнүктүрүү Корпорациясынын каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасында канаттуулар тумоосу боюнча калкты тезинен маалымдоо
1100 адам катышкан экспресс-сурамжылоонун негизги максаттары:
- канаттуулар тумоосунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү менен алектенген кызмат адамдарына жана уюмдарга, калктын бул көрүнүш жөнүндө маалымдар болушунун жалпы сүрөтүн берүү;
- эң ишенимдүү жана натыйжалуу деп эсептелген маалымат булактарын аныктоо;
- пандемияга чейинки жана пандемия баскычтарында кандай маалымат каналдары аркылуу маалыматты берүү мүмкүн экендигин аныктоо.

Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн 2006-жылы даярдалган.

"Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария" долбоору боюнча социологиялык сурамжылоо
Бул изилдөө айыл калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, санитардык абалы жана таза сууну пайдаланууга байланыштуу гигиеналык чараларды сактоо боюнча кырдаалды тактоо максатында жүргүзүлдү. Изилдөөнүн негизги компоненттери:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн болушу (суу булактары, суунун алыстыгы, суу менен камсыз кылуу абалы);
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты (суунун сапаты: даамы, жыты, анда микроорганизмдердин болушу ж.б.);
- калктын суу менен камсыздоо кызматтары үчүн акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү, калктын айылдагы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кызматтарга акы төлөөгө даярдыгы;
- калктын жакыр жана аялуу катмарынын социалдык активдүүлүгү жана калктын бардык катмары үчүн таза сууга бирдей жеткиликтүүлүк;
- Тазалык жана санитария, б.а., сапатсыз суу менен байланышкан оорулардын алдын алуу жана гигиеналык-санитардык чараларды сактабоо максатында үй чарбасында самынды колдонуу жана гигиеналык чараларды сактоо.

Изилдөө Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин каржылык колдоосу менен жүргүзүлдү.
Айылдык институционалдык өнүгүү