Долбоорлор

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн токойлордун жанында жашаган аялуу катмарларга мүмкүнчүлүк берүү

2014-жылдын 1-сентябрында “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн токойлордун жанында жашаган аялуу коомдоштуктарды кеңейтүү” жаңы долбоору башталды.

Негизги фактылар Аткарылган жылдар: 2014-жылдын 1-сентябрынан 2015-жылдын 31-декабрына чейин

Аткарыла турган жер: Көк-Ойрок айыл аймагынын Кароол-Дөбө айылы жана Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылы.

Донор: DCA
Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги, Чоң-Кемин жана Баткен токой чарбасы мамлекеттик ишканасы, Кароол-Дөбө мейкин жамааты жана Аласан мейкин жамааты

Байланыш: ruraldevelopmentfund2020@gmail.com
www.rdf.kg

Долбоордун максаты:

Жергиликтүү жамааттарга башкаруу функцияларын өткөрүп берүү процедураларын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу аркылуу токойлордун жанында жашаган аялуу жамааттардын азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу.

Долбоордун максаттары:

- токойлорду башкарууга тартуу менен алардын механизмдерин иштеп чыгуу жана сыноо жолу менен токойлордун жанында жашаган жамааттардын азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу.

- Табигый ресурстарды пайдалануу үчүн диеталардын маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана экономикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү менен жашоо деңгээлин жогорулатуу.

- Коомдук токой чарбасын өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү менен токойго жакын жашаган жамааттардын жашоо деңгээлин жана азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Долбоордун орду:

Көк-Ойрок айыл аймагынын Кароол-Дөбө айылы жана Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылы.

Долбоордун өнөктөштөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

Мамлекеттик жаратылыш паркы Чоң-Кемин жана Баткен токой чарбасы.

Кароол-Дөбө мейкин жамааты жана Аласан мейкин жамааты

Долбоордун негизги иши:

- жергиликтүү жамааттардын токой ресурстарына жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу муктаждыктарга баа берүү;

- токойлорду биргелешип башкаруу боюнча биргелешкен иш-чаралардын пландарын даярдоо;

- процессти документтештирүү жана улуттук семинар өткөрүү;

- Максаттуу жамааттардын азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануусуна баа берүү;

- Токойлорду натыйжалуу башкаруу аркылуу максаттуу жамааттарда тамактанууну жакшыртуу стратегиясын иштеп чыгуу;

- процессти документтештирүү жана тамактануу боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу.

- жамааттардын жана жергиликтүү калктын потенциалын изилдөө;

- Коомдук токой чарбасынын моделдерин түзүү үчүн мүмкүн болгон шарттарды жана агро токой чарбасын өнүктүрүү потенциалын аныктоо;

- Коомдук токой чарбасынын алдын-ала бизнес-пландарын иштеп чыгуу.
Табигый жаратылыш ресурстарды башкаруу