Долбоорлор

"Дары өсүмдүктөрү жана аларды өстүрүү ыкмалары" тренинг

GoGreen долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын үч аймагында дары-дармек өсүмдүктөрү жана аларды өстүрүү ыкмалары боюнча тренингдер ийгиликтүү аяктады. Тренингдерге Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын фермерлери жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты.

Окуу программасы эки күнгө бөлүнүп, биринчи күнү теория, экинчисинде областтык токой чарбаларында практикалык көнүгүүлөр болду.
Тренерлер тобу төмөнкү эксперттерден түзүлдү:

Рогова Наталья Александровна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун дары-дармек жана эфирдик май өсүмдүктөрү лабораториясынын илимий кызматкери.



Асаналиев Турусбек Усенович - агроном. Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы.



Алгожоева Жанар Зарлыковна - дары чөптөр жөнүндө кыргыздардын салттуу билимдери боюнча эксперт, "Аманат-Өмүр" коомдук фондунун төрагасы, KЭАК (Кыргыз Эл Акыл Казына) уюмунун Чүй облусу боюнча лидери.


Биздин тренингдин катышуучуларына алардын кызыгуусу, ынтызарлыгы, билим алууга жана Кыргызстандын жаратылышын сактап калууга болгон умтулуусу үчүн өзгөчө ыраазычылыгыбызды белгилегибиз келет.

Табигый жаратылыш ресурстарды башкаруу