Долбоорлор

РДФ ишмердүүлүгүнүн алкагында жаратылыш ресурстарын башкаруу деген эмне?

Жаратылыш ресурстарын туруктуу жана тең салмактуу пайдалануу
интеграцияланган мамлекеттик стратегиянын жоктугунан Кыргыз Республикасында коркунуч алдында турат. Көпчүлүк учурларда, токой, жыгач эмес буюмдар, жапайы жаратылыш, биогенетикалык жана минералдык ресурстар сыяктуу жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн пайда жергиликтүү жамааттарга түшпөйт жана мамлекеттик стратегия жаратылыш ресурстарын сактоого жана башкарууга багытталбайт. Жергиликтүү жамааттар өзүлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн жаратылыш ресурстарына таянгандыгына карабастан, учурдагы өкмөттүк режимдин шартында, стимул берүү жана сыйлык берүү системасы бул ресурстарды туруктуу пайдаланууга багытталган эмес.

Айылды өнүктүрүү фонду (РДФ) жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүктү жана пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын коргоону жана пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүнү башкаруу боюнча ченемдик укуктук чараларды түзүүнүн аспектилерине көңүл бурат жана жакшы башкаруу принциптерин издейт (ачык-айкындуулук, жогортон төмөн карай отчеттуулук, теңдик) сапаттуу изилдөө жана талдоо аркылуу. РДФтин иши жергиликтүү жана мамлекеттик деңгээлде зарыл өзгөрүүлөрдү баштоо үчүн жергиликтүү жамааттарды чыңдоого багытталган.

Биздин изилдөө багыттары
Жаратылыш ресурстарын башкаруу чөйрөсүнүн алкагында РДФ төмөнкү темаларда иштейт:

- Жайыттар
- Nокой жана токой эмес ресурстар
- Жаныбарлар дүйнөсү
- Суу ресурстары
Табигый жаратылыш ресурстарды башкаруу