Долбоорлор

Сууну эффективдүү башкаруу үчүн потенциалды күчөтүү

Сууну эффективдүү башкаруу үчүн потенциалды күчөтүү

Ресурстарды эффективдүү башкаруу аркылуу конфликттик потенциалын азайтуу максатында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Суу пайдалануучулар ассоциациясынын эффективдүү биргелешип иштөө факторлорун аныктоо боюнча жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 102 айыл округдарынын арасында сууну башкаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбаны жайылтууга багытталган долбоорду РДФ 2011 жылы ишке ашырган.

2011-жылдын 25, 28 жана 30-ноябрында Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо» өнөктөштүк долбоорунун алкагында РДФ тарабынан ишке ашырылган иш-чаралардын жыйынтыктарын талкуулаган форумдар өткөрүлгөн.

Долбоордун алкагында РДФ окуу материалдарын иштеп чыгып, насаатчылык кылуучу айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдү, ошондой эле кошуна айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүүдө насаатчыларга колдоо көрсөттү.

Жыйынтыктоочу иш-чара долбоордун акыркы этабы болду, мында долбоордун катышуучулары долбоордун иш-чараларын ишке ашыруунун натыйжаларын, алардын ийгиликтерин, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган сабактарды жана келечектеги перспективаларды биргелешип талкуулашты. Жыйын НАМУнун, Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик комитетинин, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, донордук уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жолугушуу убактысы жана жерлери:
25-ноябрь – «Ош-Нуру» мейманканасынын конференц-залы, Ош, көч. Баялинова 1
28-ноябрь - «Тагай-Бий» комплекси, Жалал-Абад, көч. Жеңижок 13
30-ноябрь – “Мээрим” балдар чыгармачылык үйү, Баткен, көч. Салихова, 3
2011-12-01 18:00 Табигый жаратылыш ресурстарды башкаруу