Долбоорлор

Координациялык кеңештин жыйыны

Бүгүн, 2021-жылдын 26-апрелинде, "Айылдык Өнүктүрүү Фонду" коомдук фондунун кеңсесинде "Жергиликтүү жамааттардын жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоосу" долбоорунун Координациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү .

Долбоордун Координациялык Кеңеши - бул биздин Фондго долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга уюштуруучулук колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган. Координациялык кеңештин курамына мамлекеттик ведомстволордун, министрликтердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирет.

Координациялык кеңештин биринчи отурумун Фонддун директору Күлүйпа Акматова ачты. Ал Фонддун тарыхы, ишке ашырылган долбоорлору жана жакынкы пландары жөнүндө айтып берди. Жунусов Уран, “Жергиликтүү жамааттардын жашыл айыл чарбасын өнүктүрүүнү колдоо” долбоорунун координатору, долбоордун өзү жана Координациялык кеңештин иш-милдеттери жөнүндө кеңири айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү кызыктырган суроолорун беришти, ошондой эле долбоор боюнча өз сунуштарын жана киргизишти.

Отурумдун жыйынтыгында Координациялык кеңештин төрагасы болуп Биоартүрдүүлүк департаментинин директорунун орун басары Ырсалиев Бакыт Кеңешовичтин шайланды. Кеңештин жыйыны үч айда бир жолу өткөрүлөт.


Табигый жаратылыш ресурстарды башкаруу