«Табигый аймактарды коргоо жана башкаруу боюнча жергиликтүү жамааттарга стратегиялык колдоо көрсөтүү» долбоору
Долбоордун максаты Кыргызстандын жаратылыш аймактарын коргоо боюнча жергиликтүү жамааттардын абалынын жалпы кырдаалын түзүү жана коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын бул жамааттардын иши, потенциалы жана муктаждыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында жергиликтүү жамааттардын потенциалын жогорулатууга жана жамааттык тармактарды чыңдоого жардам берүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Долбоордун акыркы натыйжалары бул жамааттар тууралуу маалымат базасы жана интерактивдүү онлайн картасы болду. Долбоордун натыйжалары жыйынтыктоочу жолугушууда коомчулукка жана мамлекеттик органдарга презентация түрүндө отчет кылынды, ошондой эле жолугушуу жамаат менен мамлекеттик органдар ортосунда узак мөөнөттүү байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу аянтчасы катары кызмат кылды.
Долбоордун максаттары:
1-милдет. Изилдөө
Улуттук жана аймактык деңгээлдеги консультациялар жана жолугушуулар өткөрүлдү, анын жыйынтыгында Кыргызстандын жергиликтүү жамаат тарабынан корголуучу жаратылыш аймактарынын жалпы абалын баяндаган жыйынды документ даярдалды.
2-милдет. Маалыматтар базасы
Жаратылыш аймактарын башкарууга тартылган жергиликтүү жамааттардын маалымат базасын түзүү. Табигый аймактарды коргогон жергиликтүү жамааттардын онлайн санарип картасын түзүү.
3-милдет. Тармак
Жаратылыш аймактарын башкаруучу жергиликтүү жамааттардын тармагын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлдү.
4-милдет. Колдоо
Жаратылыш аймактарын башкарган 6 жергиликтүү жамааттарга ГЭФтин чакан гранттары берилип колдоо көрсөтүлдү.
5-милдет. Маалымат
Жергиликтүү жамааттар жаратылыш аймактарын башкаруу жана сактоо, алардын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу ролу, ошондой эле көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө улуттук маалымдоо кампаниясын өткөрүү.
6-милдет. Иш-чаралар
Жаратылыш аймактарын башкаруу жана коргоо боюнча жамааттар ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүү.
Жаратылыш аймактарын коргогон жергиликтүү жамааттар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеден өтсөңүз болот:
Жамааттардын онлайн картасы - http://npc.rdf.kg/