Долбоорлор

“Кыргызстандагы топоз чарбасы: салттуу билим жана заманбап тажрыйба” изилдөөсү

“Кыргызстандагы топоз чарбасы: салттуу билим жана заманбап тажрыйба” изилдөөсү

2020-жылы «Климаттык туруктуулуктун күчүн сактоо: Борбордук жана Ички Азиянын бийик тоолуу аймактарында топоз маданиятын жандандыруу» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы топоз чарбасынын азыркы абалы боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Климаттын өзгөрүшүнүн айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына тийгизген таасири алардын туруктуулугунун төмөндөшүнө жана деградацияга өбөлгө түзөт. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына таасир этип, жалпы табигый экосистемалардын өзгөрүшүнө алып келет. Ошол эле көптөгөн жергиликтүү жамааттардын салттуу билимдери алардын жашоосу жана маданияты айтылган экосистемалар менен тыгыз байланышкан үчүн жоголуп баратат. Эң аялуу бул алыскы бийик тоолуу жамааттар, алардын жашоолору айланасындагы жаратылыш ресурстарынан түздөн-түз көз каранды. Убакыттын өтүшү менен элдерлин салттуу билимдерини түрлөрү өзгөрөт, алар жашоо каражаттарын сактоо үчүн зарыл болгон жаңы билимдерди колдоно башташып, бирок, практика көрсөткөндөй, бул билим жаратылышка сарамжалдуу жана кылдат мамилеге негизделгени сейрек.

Тоолуу аймактарда жашаган жергиликтүү жамааттардын бакубаттуулугу экономикалык ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Жаратылышты сарамжалдоо менен пайдалануу байыркы убакыттардан бери экологияга жана жергиликтүү ландшафттарга негизделген. Ортор азия жерлеринде андай сарамжалдоо колдонуу экологиялык, тарыхый жана экономикалык өбөлгөлөрдөн улам көчмөн мал чарбасы түрүндө өнүккөн. Тоолуу аймактагы жергиликтүү калктын бакубаттуулугун сактоого жардам берген иштердин бири топоз багуу болуп саналат. Топоз багуу башка малдарды кармоого салыштырмалуу азыраак каржылык чыгымды талап кылгандыгы, бийик тоолуу шартка жана алыскы жайыттардын катаал климатына ылайыктуулугу, мал чарба продукциясынын экологиялык жактан табигый экендиги менен өзгөчөлөнөт.

“Климаттык туруктуулуктун күчүн сактоо: Борбордук жана Ички Азиянын бийик тоолуу аймактарында топозчулук маданиятын жандандыруу” долбоору Орто Азиянын түпкү элдеринин тилектештигинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде көп кылымдык ата-бабалардын салттарын жандандырууга багытталган жана көчмөндөрдүн маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун негизги багыты Кыргызстанда топоз чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана топоз багуучуларды колдоо. Ошондой эле тармакты өнүктүрүү, топоз өстүрүүдө тажрыйба алмашуу жана топоз өстүрүү боюнча салттуу билимдерди сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү үчүн топоз багуучулардын тармагын же ассоциациясын түзүү болуп саналат.

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу жаатында жергиликтүү калктын практикасын жана билимдерин бекемдөө маанилүү аспект болуп калды. “Кыргызстандагы топоз чарбасы: салттуу билимдер жана заманбап тажрыйбалар” аттуу изилдөөнүн максаты – мал чарбасынын туруктуу тармагы катары топоз чарбасынын абалын анализдөө, тармакты өнүктүрүү процессинде малчылар туш болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктарды жана салттуу билимдерди изилдөө. Изилдөө Кыргызстандын бийик тоолуу 3 аймагында: Нарын облусунда, Жалал-Абад облусунда, Чүй облусунда жүргүзүлгөн. Изилдөө Бурятиянын топозчулары менен болгон маектерди да камтыган.

Изилдөөнүн натыйжалары бул бийик тоолуу зоналардын түпкү жамааттарынын жашоосунун бардык аспектилеринде топоз өстүрүүнүн фундаменталдуу мүнөзүн, маданий каада-салттардын жана үрп-адаттардын негизин көрсөтөт:

- Жайыт мал чарбасы экология жана ландшафтка идеалдуу ылайыктартырылган. Көптөгөн бийик тоолуу жайыттарга топоз сыяктуу жаныбарлардын айрым түрлөрү гана жетет. Топоз чарбасынын үлүшү аз, бирок Кыргызстанда топоздун саны жылдан жылга көбөйүүдө. Топоз мал чарбасы дени сак экосистеманы сактоо жана климаттын туруктуулугун жогорулатуу үчүн абдан маанилүү.

- Топоздорду багуу жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, ландшафттык жана климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен топоздордун муктаждыктарына кылдат көңүл бурууга негизделген.

- Топоздорду багуу абдан пайдалуу, анткени багууга кеткен чыгым аз.

- Топоз багуу жергиликтүү элдин мал жаюу технологияларына, эмгек куралдарын жасоодо, улуттук кийим-кечелерде, турак жай элементтеринде, улуттук тамак-ашта, оозеки жана жазма чыгармачылыкта, кол өнөрчүлүктө жана башка көптөгөн нерселерде көрүнөт. Жергиликтүү элдердин гармониялуу жашоосу үй-бүлөлүк баалуулуктарга, аял менен эркектин бири-бирин толуктап, кош мамилесине, көз караштарынын кайталангыстыгына жана чыгармачылык ачылыштарына негизделет.
Жергиликтуу мал чарбачылыгын өнуктуруу