Кыргызстандагы жергиликтүү кыргыз жылкысынын кайра жаралышы
2024-жылы РДФ «Алтын Туяк» консорциуму менен биргеликте «Жергиликтүү кыргыз жылкысын сактоо боюнча экосистемалык суроолору» деген темада изилдөөгө катышкан. Иликтөө “Кыргызстандагы кыргыз жергиликтүү жылкысын кайра жаратуу" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. РДФнын эксперттери изилдөөнүн экологиялык компонентине катышышкан, ал кыргыз жергиликтүү «абориген» жылкысын экологиялык жана экосистемалык аспектилер, экосистемага тийгизген таасири маселелери жана экосистемалык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча изилдөөгө багытталган. Бул изилдөө бир нече маселелерди чечүүгө багытталган:
1.Жергиликтүү жылкыларды сактоо боюнча ар кандай мисалдарды изилдөө үчүн эл аралык тажрыйбага сереп салуу, жергиликтүү кыргыз жылкыларды сактоого болгон мамилени талдоо үчүн ар кайсы өлкөлөрдө;
2.Кыргыз жылкысын сактоо маселелерин талдоо үчүн ар кандай материалдарды жана статистикалык маалыматтарды изилдөөнү камтыган сыпаттама талдоо;
3.Жергиликтүү жылкыларынын экосистемага тийгизген таасирин талдоо жана экосистемалык кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтарды чогултуу.
Илимий макалаларды, статистикалык маалыматтар, жергиликтүү жылкыларын сактоо боюнча документтерди анализдөө, салыштырма талдоо, талкуу жана топтук талкуулар, ошондой эле талаа изилдөөлөр долбоор алкагында жүргүзүлгөн кабинеттик изилдөөнүн негизги ыкмалары болгон. Кабинеттик изилдөө бир нече этаптарынан турган:
1. Эл аралык тажрыйбаны анализдөө– кейс-стади;
2. Статистикалык жага тарыхый маалыматтарды анализдөө;
3. Кыргыз жылкысынын сакталышын жана экосистема менен байланышын изилдөө;
4. Кичи-изилдөөсүн жүргүзүү жана талаа маалыматтарын талдоо.
Эл аралык кароо жана кичи-изилдөө келечекте Кыргызстанда аборигендердин мал чарбасын өнүктүрүү боюнча иштердин негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, интервьюлардын жана талкуулардын натыйжалары кыргыз жылкысын багуу жана сактоо маселелерине алдын ала баа берүүгө мүмкүнчүлүк түздү, ошондой эле Кыргызстандагы кыргыз жылкысынын популяциясын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча комплекстүү изилдөөнүн кийинки багыттарын аныктоого жардам берди.
2024-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн, салттуу билимдердин сактоочуларынын, кыргыз абориген жылкысын кайра жаратууга жана сактоого кызыкдар жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда илимий-изилдөө жана долбоордук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу тегерек чогулушуу болуп өттү.