Жергиликтүү кыргыз жылкысын кайра жаратуу жана сактоо
Салттуу айыл чарбасы аймактын түпкү элдеринин руханий жана маданий мурастарына дал келип, экологиялык жактан таза салттуу айыл чарба технологияларынын негизинде түзүлгөн айыл чарбасы болуп эсептелинет. Жаратылыш ландшафттардын баардык түрлөрү Советтер Союзунун пландуу экономикасынын кесепетинен жана постсоветтик мезгилдеги капитализмдин жылдарында талкаланууга дуушар болгон. Мындай иш-аракеттердин кесепеттеринин бири салттуу айыл чарбанын бузулушу жана салттуу билимдердин жана тажрыйбалардын жоголушу болду. Көптөгөн кылымдар бою кыргыздардын көчмөн маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон кыргыз жергиликтүү жылкысынын санынын азайышы өкүнүчтүү жыйынтык.
Долбоордун максаты – жергиликтүү жылкыларын кайра жандандыруу аркылуу Памирдин, Тянь-Шандын жана Саян-Алтайдын көчмөн элдеринин салттуу айыл чарбасын жана жаратылыш ландшафттарын калыбына келтирүү. Долбоордун негизги иш-чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Кыргызстанда кыргыз жылкысын кайра жаратуу боюнча иштерди баштоо;
2. Памирдин, Тянь-Шандын жана Саян-Алтайдын түпкү элдеринин аборигендик жаныбарлардын тукумдарын кайра жаратуу үчүн маалыматтык, билим берүү жана маданий-мотивациялык базаны түзүү;
3. Памирдин, Тянь-Шандын жана Саян-Алтайдын түпкү элдеринин аборигендик жаныбарлардын тукумдарын кайра жаратуу үчүн коммуникацияларды консолидациялоо платформасын түзүү;
4. Кыргыз жылкысын кайра жаратуу жана сактоо боюнча кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5. Кыргыз жергиликтүү жылкысы жөнүндө маалыматтарды жайылтуу үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгаруу;
5. Кыргыз жылкысын багуу менен алектенген фермерлердин маалымат базасын иштеп чыгуу.